Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2020: Кыргызстанда үгүт иштери токтоду

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 685 | 0

Кыргызстандын аймагында 3-октябрда саат түнкү он экиден тартып парламенттик шайлоого карата үгүт иштери токтоду. Шайлоо жөнүндөгү кодекске ылайык, үгүт иштери шайлоо күнүнө 24 саат убакыт калганда токтошу керек.

Тактап айтканда, 3-октябрда шайлоого байланыштуу массалык иш-чараларды уюштуруу, үгүт жүргүзүү, чакырык таштоого жана шайлоого катышып же катышпоого үндөгөнгө эч ким укуктуу эмес.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого 16 саясий партия ат салышып жатат.

Добуш берүү өнөктүгү 4-октябрда саат 08:00 — 20:00 аралыгында жүрөт. Бул шайлоого карата Кыргызстандын аймагында 2462, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо тилкеси уюштурулган. Шайлоочулардын жалпы саны — 3 млн 523 миң 532 адам.

Шайлоо-2020: бүгүн өлкөдө «жымжырттык күнү»

Copyright © 2017 Maral FM