Биз менен байланышыңыз

Сариев: Эртең үгүт иштери башталат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2020 | 652 | 0

Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болгондугуна байланыштуу үгүт иштери 15-декабрда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, референдум менен шайлоо бирге болуп калса, биргеликте иш алынып барылат.

Референдумдун үгүт иштери дайындалган күндөн тарта башталат. Эгерде 15-декабрда референдум өткөрүү боюнча мыйзам күчүнө кирсе, анда үгүт иштери старт алат.

«Үгүт жүргүзүүгө мамлекеттик органдарга укук берилген. Башка уюмдар да катышса болот. БШК да өзүнүн милдеттерин аткарат. Референдум боюнча түптөлгөн топтор фондун түзүп, андагы каражаттын эсебинен үгүт иштерин алып бара алышат», — дейт Сариев.

Сариев жарандарды мыйзамдын жаңы кирген ченемдерин карап алууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM