Биз менен байланышыңыз

Красноярскидеги шайлоонун жыйынтыгы: ким алдыда? (фото)

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 4 Окт 2020 | 13190 | 0

Орусиянын Красноярск аймагында добуш берүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу социалдык тармактарда сүрөттөр тарады.

Тартып алынган сүрөткө ылайык, Красноярсктагы шайлоого жалпы 216 адам шайлоого катышкан. Анын ичинен «Бүтүн Кыргызстан» — 136, «Мекенчил» — 19, «Ыйман Нуру» — 18, «Ата Мекен» — 11, «Биримдик» менен «Реформа» — 6дан добуш алган. Калган партиялар 5 добуштан кем алган же такыр алган эмес. Ал эми «Баарына каршы» пунктун эч ким тандаган эмес.

Буга чейин Орусиянын Владивосток жана Түштүк-Сахалин аймагында да шайлоо жыйынтыкталганын жазганбыз. Анын жыйынтыктарын төмөнкү шилтемеден көрүп алсаңыздар болот:

Түштүк-Сахалинде добуш берүү жыйынтыкталды: «Бүтүн Кыргызстан» эң көп добуш алды

Copyright © 2017 Maral FM