Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2020: бүгүн өлкөдө «жымжырттык күнү»

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 3 Окт 2020 | 907 | 0

Бүгүн Кыргызстанда жымжырттык күнү. Эрежеге ылайык, бул күнү парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт кампаниясын жүргүзө албайт.

Мындан тышкары БШКдан аккредитация алган интернет басылмаларга да үгүттү чагылдырууга тыюу салынат.

“Жымжырттык күнүнүн” эрежеси бузулган учурда, БШК буга жол берген тараптарга мыйзамга ылайык чара көрөт.

Парламенттик шайлоого карата жалпы 2474 шайлоо участогу уюштурулган. Анын 44ү чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын добуш берүүсү үчүн каралган.

Форма-2 боюнча бир канча жолу арыз тапшыргандар тизмеден чыгарылды

Copyright © 2017 Maral FM