Биз менен байланышыңыз

Форма-2 боюнча бир канча жолу арыз тапшыргандар тизмеден чыгарылды

Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 759 | 0
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова

Кыргызстанда 3 жаран форма-2 боюнча 22 жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да брифингде тастыктады.

Анын айтымында, форма-2 менен бир нече жолу кайрылгандар болгон. Мисалы, 32 миң 504 адам 2 жолу, 5 миң 810 адам 3 жолу арыз менен кайрылган. 1967 адам төрт жолу, 872си беш жолу арыз берген. Үч адам 22 жолу форма-2 аркылуу добуш берүүгө арыз берген.

Шайлдабекова форма-2 аркылуу кайра-кайра арыз бергендер тизмеден чыгарылып, аягында 441 010 шайлоочу калганын айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин шайлоодогу форма-2 ыкмасы менен жарандарды каттоону иликтеп чыккан.

24-сентябрга карата шайлоочулардын жалпы саны 3 млн 523 миң 554ттү түзөт.

Форма-2 боюнча 21 жолу дарегин алмаштырган жаран аныкталды

Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн жалпы 2475 шайлоо участогу ачылды, анын 44ү чет өлкөдө.

Шайлоо участокторунда жабдыктардын эки түрү колдонулат, алар биометрикалык идентификациядан өтүү, автоматтык эсептөөчү урналар. Шайлдабекованын айтымында, бул жабдыктардын кошумча запасы да коюлат.

Өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү өтөт. Ага 16 партия катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM