Биз менен байланышыңыз

Форма-2 боюнча 21 жолу дарегин алмаштырган жаран аныкталды

Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 2106 | 0

Алима Таңатарова деген шайлоочу Форма-2 боюнча 21 жолу арыз берип, 21 жолу дарегин алмаштырган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

“Балким ал шайлоо системасы кандай иштейт деп текшерип көрүшү мүмкүн, мүмкүн жакындарынын катталып кой деген суранычын аткаргандыр. Кээде шайлоо дарегиңди алмаштырууга аргасыз болгон жагдай болот, бирок мындай учур өтө таң калычтуу”, -деп жазылат постто.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтуусу боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодогу форма-2 ыкмасы менен шайлоочуларды каттоону иликтеп жатат. Анын жүрүшүндө форма-2 менен дарегин алмаштырууга арыз бергендердин саны 496 миң 239 деп аныкталган. Бирок каттоого алынган шайлоочулардын саны андан да аз.

Журабаеванын айтымында, Форма-2 менен каттоону бизнеске айлантып алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM