Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Британия кыйын кырдаалда, жаңы чектөөлөр жарым жылга созулушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 385 | 0

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкөгө жаңы чектөөлөр киргенин маалымдады.

-Паб жана ресторандар сөзсүз түрдө саат 21:00дө жабылышы керек;

-Кардарларды официанттар тейлөөсү талдап кылынат, өздөрү барга барып  буюртма бергенге болбойт;

-Мүмкүнчүлүк болсо, жарандар үйдөн иштеши керектелет.

«Чектөөлөр бизнеске терс таасир этери белгилүү. Өкүнүчтүү, бирок киргизбесек болбойт»,- деди өкмөт башчы.

Британияда коронавирус менен катталгандардын саны кайрадан өскөндүктөн өлкө бийлиги 6дан ашык адамдын чогулуусуна чектөө киргизди. Бирок карантинден улам ири жоготууларга учураган майда бизнес ээлеринин даттануусунан улам, бийлик тыюу салууда өтө катуу чаралардан карманып турууда.

Жонсон мындай эрежелер жарым жылга созулушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Акыркы жумада Британияда коронавирус менен ооругандардын саны кескин түрдө өсүүдө. Эксперттердин айтымында, эгерде кырдаал ушундай таризде улана берсе, октябрда коронавирус менен катталгандар күн сайын 50 миңдей адамды түзүшү мүмкүн.

Пандемия башталгандан бери дүйнө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 31,2 миллиондон ашты. Анын 21 миллиону ооруп, кайра сакайгандар. Ал эми бул илдеттин айынан каза болгондор жарым миллионго жакындады, тагыраагы 965 миңге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM