Биз менен байланышыңыз

Алты пайыздык ипотека, 40 миң сом эмгек акы убадалаган «Республика»

Саясат , Шайлоо-2020 | 25 Сен 2020 | 928 | 0

Буга чейин бул партияны саясатчы Өмүрбек Бабанов менен элестетчүбүз.

Ал төрагалыкты расмий түрдө өткөрүп берип, учурда Мирлан Жээнчороев жетектеген “Республика” саясий партиясы быйыл көп интригага аралашпагандай.

Алдыда “Республика” партиясынын шайлоо программасы тууралуу сөз кылсак.

Алгач Конституциялык реформага токтололу:

“Республика” партиясы – Президенттик институтту жоюп, толук парламенттик башкаруу системасына өткүсү келет.

120 депутатты 75 депутатка кыскартып, 16 министрдин ордуна 7 министрден турган чакан өкмөттүн болушун колдойт.

Жарандар 10 миң кол топтоо менен, начар иштеген депутатты кызматынан кетире алышарына да сөз берип жатышат.

Бул партия Административдик-аймактык реформаны колдойт. 7 облус губернаторлору менен 44 акимдин ордуна 30 эле аким болушун сунуштайт.

Дагы бир таң калтырган убадаларынын бири, УКМКны жана Коррупцияга каршы кызматын, Прокуратураны жоюу.

Ал эми экономиканын эсебин кантип табат деген суроого, ИДПны жылына 15 пайыздан кем эмес өстүрөбүз дешкен. Бирок Кыргызстандын ИДПсы жылына табыгий түрдө 2-3% гана өсөт. Ал эми быйылкы пандемиядан улам ИДПнын өсүүсү да күмөн экенин бул партия эске албагандай. Себеби дүйнөнүн экономикасы гүлдөгөн өлкөлөрү да пандемиядан кийинки 5 жыл  дүйнөлүк экономика үчүн оор болорун эскертип жатышат.

Эмгек акы боюнча да “Республика” партиясынын убадалары белен. Алар орточо эмгек акысы жылына 4000 сомдон көбөйүп отуруп, 5 жылда 40 миң сомдон ашарын жазган.

Айлыкты көбөйткөндү мындай кой, жылына 200дөн кем эмес жаңы ишкана ачуу да максаттары бар.

Ипотека  6%, агрокредиттер 5% болоруна калкты ишендиришүүдө.

Чек ара маселеси боюнча алсак, “Республика” партиясы чек ара аймактарын өнөр жай шаарчасына айландырууну максат кылат. Ошондой эле, жеке өнөктөштүк менен ар бир айылга таштандыларды сорттоочу завод курууну максат кылат.

Коомчулуктун дагы бир сынына калган убадасы – окуучуларды мектепти бүтүп жатканда эле программист кылып чыгаруу. Бирок мунун ишке кантип ашары шайлоочулар үчүн да кызык.

Салык системасында бир гана салыкты калтыргысы келет.

Кош жарандуулукту колдогон бул партия президент, премьер-министр, депутат жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен башка бардык кыргызстандыктар жана алардын балдары үчүн кош жарандуулукту киргизүүнү максат кылат.

Биз «Республика» партиясынын шайлоо алдындагы программасынын айрымдарын гана алып карадык.

Кошумчалай кетсек, буга чейин:

“Ата Мекен”;

“Бир Бол”;

“Биримдик”;

“Бүтүн Кыргызстан”;

“Замандаш”;

“Кыргызстан”;

«Мекеним Кыргызстан»

“Мекенчил”;

“Ордо” партияларынын программаларын талкуулап, өзгөчө убадаларына токтолгонбуз.

 

Copyright © 2017 Maral FM