Биз менен байланышыңыз

Эки палаталуу парламенттик системаны сунуштаган «Ордо»

Саясат , Шайлоо-2020 | 23 Сен 2020 | 837 | 0

Шайлоого алгач ирет катышып жаткан “Ордо” саясий партиясы аты бар, заты жок партиялардын катарында. Партиянын жетектеген Мирбек Мияровдун айтымында, “Ордодо” эски жүздөрдөн эч ким жок.

“Ордо” саясий партиясы шайлоо алдындагы программасында биримдиктүү эл менен адеп-ахлактуу мамлекет түзөрүн жазган.

“Электрондук өкмөт – санариптик башкаруу – санариптик мамлекет” системасын колдой турганын кошумчалаган.

Эфирдеги дебат учурунда депутаттардын санын кыскартып, бир мандаттуу шайлоо системаларын колдой турганын айткан.

Премьер-министрликке талапкерлерди көрсөтүү укугу Жогорку Кеңешке берилип, ал эми аны бекитүү ыйгарым укугу президентке тапшырылышын туура деп эсептейт. Мындай учурда аткаруу бийлигинин эффективдүү ишмердүүлүгүнүн толук жоопкерчилиги президентке жүктөлөт.

«Ордо» партиясы эки палаталуу парламенттик системаны сунуштайт. Алар — Мыйзам чыгаруу кеӊеши жана Аймактык өкүлчүлүк кеӊеши.

Экология боюнча алсак,“Ордо” саясий партиясы 2030-жылга карай Кыргызстанды экологиялык жактан эң таза 10 мамлекеттин катарына киргизгиси келет. 2040-жылы дүйнө жүзү боюнча экологиясы эң таза мамлекет кылууга жетишерин айтышууда.

Партия жаш кадрларды колдой турганын айтат.

Тышкы саясат боюнча “Ордо” партиясы Кыргызстандын келечегин ЖККУ өлкөлөрү, ШКУ жана Евразия экономикалык биримдиги менен элестетет.  

“КЫРГЫЗСТАН — БИЗДИН ҮЙҮБҮЗ!” деген ураанды жарыялаган бул партиянын программасында олуттуу демилгелер дээрлик жок, ошентсе да өлкөгө аяр мамиле кылууга чакырган сүйлөмдөрдү көп эле кездештирүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM