Биз менен байланышыңыз

«Республика» партиясы парламенттик шайлоого катышпайт

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 579 | 0

«Республика» саясий партиясы шайлоого 28-ноябрга белгиленген шайлоого катышпайт жана башка париялар менен бирикпейт. Бул тууралуу партиянын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, «Республика» партиясы алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышпоо чечимин кабыл алган.

«»Республика» саясий партиясына колдоо көрсөтүп келген бардык жарандарга, санаалаштарыбыз менен партиялаштарыбызга терең ыраазычылык билдиргибиз келет. Сиздердин колдооңуздарды терең баалайбыз, 11 жыл ичинде электен өткөн реформатордук командабыз менен сыймыктанабыз.»Республика» партиясы эч ким менен бирикпейт, эч кандай саясий коалицияларга кирбейт. Муну эске алуу менен, биз саясий ишмерлерден сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө да, эл алдында сүйлөөдө да «Республиканын» атын колдонбоого чакырабыз» , — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 73 партия катталган. Бирок бүгүн «Аалам» саясий партиясы, ага чейин дагы бир партия шайлоого катышуудан баш тарткан.

Бул партияны саясатчы Өмүрбек Бабанов жетектеп, кийин төрагалыкты расмий түрдө Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM