Биз менен байланышыңыз

«Республиканын» кезексиз съезди: саясий кеңеш алмашты

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 990 | 0

Ушу тапта Бишкекте «Республика» саясий партиясынын кезексиз съезди башталды.  Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, Айсулуу Молдалиева партиянын төрайымы кызматынан бошотулду. Буга чейин партиянын саясий кеңешинде 28 мүчө болсо, азыр алардын саны он жетиге кыскарды. Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү үчтөн бешке  көбөйтүлдү.

Партия лидери Өмүрбек Бабанов “Республика” ынтымактуу партия экенин, жакында партияга 10 жыл болорун белгиледи. Ошондой эле партия бир топ алгылыктуу, пайдалуу жумуштарды аткарганын эске салды.

Партия мүчөсү Мирлан Жээнчороев баяндама жасап, саясий кеңештин жаңы жобосуна ылайык, ишти алдыга жылдыруу максатында саясий кеңештин саны кыскарганын билдирди.

Саясий кеңештин жаңы курамы шайланды. Ага Мирлан Жээнчороев, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев баш болгон 13 киши кирди.

Copyright © 2017 Maral FM