Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Бабанов атканасынын өрттөнүшү боюнча үн катты

Кыска кабар | 7 Фев 2021 | 5740 | 0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов атканасында болгон өрт тууралуу билдирүү жасады. Анда тилсиз жоо ар кандай пикирлерди жаратып жатканын айткан.

Өрт 4-февралда түшкү саат 13:25те болгон, бул тиричиликке тиешелүү окуя. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Сизден эрте тыянак чыгарбоону суранабыз,-деди Бабанов.

Кошумчалай кетсек, социалдык тармактарда Чүйдүн Башкара-Суу айылында аткананын өрттөнүп жатканы тартылган видео тараган. Анда денеси өрттөн жабыркаган атты да көрүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM