Биз менен байланышыңыз

Президент, саясатчылардын Чубак ажыны эскерүүсү

Блог , Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 6076 | 0

Белгилүү аалым, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков, төрага Дастан Жумабеков, өкмөт башчы Кубатбек Боронов баш болгон бир катар бийлик өкүлдөрүнүн жана коомдук ишмерлердин атынан атынан көңүл айтуу каты жарыяланды. Анда Чубак ажы убагында Муфтий катары Мусулмандар дин башкармалыгынын иштерин жакшыртып, башка өлкөлөрдүн дин башкармалыктары менен байланыштарды бекемдегени айтылат.

— Ал заманбап коммуникация каражаттарын колдонуу менен мусулман жамаатына сухбаттары менен таанымал болуп, жаштарды адеп-ахлактыкка, ыймандуулукка тарбиялоого, улуттар аралык ынтымакты, конфессиялык аралык байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон. Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөп, эл сүйүп окуган бир нече китептердин автору. Чубак ажы Кыргызстандагы салттык Ханафий мазхабынын Кыргызстандын гана эмес, жалпы Борбордук Азия мамлекеттеринин диний турмушунда бекем орун алышына чоң эмгек өтөгөн. Элди руханий, диний, адеп ахлак жактан тарбиялоодо зор эмгеги бар. Анын жаркын элеси жалпы элибиздин эсинде дайыма сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.


«Кечир иним»

Кыргыз Эл жазуучусу Шайлообек Дуйшеев:

— Өтѳ билимдүү, ѳтѳ акыл-эстүү, элин жанындай сүйгѳн, караңгылыктан жарыкка үндѳгѳн, жаштарга ишеним, кайрат, күч берген чала молдо эмес чыныгы молдо элең… Сени алып кала албай бүтүндѳй дүйнѳгѳ медицинабыздын кебетеси менен шерменде болдук. Кечир иним, жалган дүйнѳдѳн чын дүйнѳгѳ кеттиң. Кудай бейишин берип, жаткан жериң жайлуу болуп, топурагың торко болсун…


«Чубак баарынан обочолонуп турчу»

Саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев «Фейсбук» баракчасына жазган билдирүүдө Чубак ажы Жалиловду Кыргыздын чыгаан инсаны, окумуштуу, коомдук, диний ишмери катары сыпаттап, анын дүйнөдөн өткөндүгүн миңдеген адамдар сыяктуу кайгыруу менен кабыл алганын айтты:

— Чубак чыныгы лидер, улуу адам эле. Чубак өзүнүн кеп-кеңештери менен жүз миңдеген адамдардын оюн, аракетин, турмушун жакшы жакка өзгөртө алган улуу мугалим, үлкөн лидер эле. Окумуштуулар көп, бирок Чубак баарынан обочолонуп, аларга окшобой турчу. Анткени, бул догматикалык казыктарга байланбай, исламды заманбап кылып кыргызга ылайыктап, кыргыздын турмушун жеңил, оңой болсун деп исламды модерндештирген реформатор эле. Чубактын реформаторлугу исламды заманбап кылып өзгөрткөнүнө эч ким каршылык кылбай, «ушундай болуш керек» деп кабыл алышат эле. Тилекке каршы, бүгүн Чубак арабызда жок. Анын орду толгус жоготуу. Чубактын жакын туугандарына, тарапташтарына, жалпы мекендештерге терең кайгыруу менен көңүл айтам. Чубак ажы Жалиловдун ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!


«Жөнөкөй адам эле, бирок кол жеткис аалам эле»

Саясатчы, экс-депутат Камчыбек Ташиев аалымдын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айткан. Билдирүүдө Чубак ажынын ысымы жаңы салынып жаткан мечитке ыйгарылар жазылган. Эми Чубак ажынын легендага айланган өмүрүңүз башталары белгиленген.  

— Чубак Ажыке менин үкам эле, бирок атамдай көрчү элем. Менден кичине эле, бирок аска-зоом эле. Жөнөкөй адам эле, бирок кол жеткис аалам эле… Эх, керемет, арман, жалган дүйнө… Мечит салып жатканбыз, Чубак Ажыке келип биринчи фундаментине үч күрөк бетон таштап берди эле. Эми ошол мечитибиздин атын «Аалым Чубак Ажы» атындагы мечит деп атайбыз! Ушундай уулду тапкан кыргыз элиме таазим!!! Көтөр башты улутташым, кандашым! Кыргыз атын дүйнөгө тааныткан Чубак Ажы кетти бизди таштап, мүнкүрөбө кыргызым мүнкүрөбө. Аллахым бейишин берсин!!!


«Кайгыдан кабыргам кайышып турат…»

Саясатчы Ахматбек Келдибеков аалымдын көз жумушу менен бир гана кыргыз эли эмес, бүтүндөй Ислам ааламы орду толгус оор жоготууга учураганын билдирди. Кыргызстандыктар Исламдын туусун көтөргөн, ошол эле мезгилде кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын унутпаган аалымдан, нечендеген жаштарга жол көрсөтүп, туура жолго багыттаган улуу устаттан, прогрессивдүү диний ишмерден, Жаратканды даңктаган пайгамбардын мураскорунан айрылганын жазды.

— Чубак ажы Жалилов ислам менен улуттук баалуулуктарды кошо ала жүргөн, психология, тарых, медицина өңдүү бир топ илимдерден да кабардар элди ынтымакка, биримдикке чакырган, канча деген жаштардын жол көрсөтүүчүсү, мугалими, устаты болчу. Ал эч качан акыйкаттан тайбаган, элдин биримдигин, калктын ынтымагын ширеткен, калыстыктын таразасын чайпабаган улуу аалым эле. Оор жоготуу. Орду толгус жоготуу. Кантебиз, биз адамзат убактысы келген күнү Жаратканга кайтуучулардан экенбиз… Кайгыдан кабыргам кайышып турат… Жалпы кыргыз элине, мусулман бир туугандарга, аалымдын шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткан улуу устаттын жанын жанатта кылсын деп тилейм. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.


«Жүрөк тилинип, каңырыгыбыз түтөп турат»

Саясатчы Өмүрбек Бабанов:

— Орду толгус жоготуу! Аалымыбыз, элибизге Ислам динин кеңири таанытып, динге терең ишенимди түптөп келген Чубак ажы Жалиловдон айрылдык… Элибиздин, дегеле мусулман дүйнөсүнүн опол тоодой тиреги эле. Дагы көптөгөн адамдар туура насаат алып, туура багыт алып, өзгөрмөк эле… Ошентип акыркы үч күндө өлкөбүздүн шам чырагы болгон үч аалымыбыздан ажырадык. Кечээ, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдон айрылсак, мурдагы күнү илимпоз, Токмок шаарындагы «Лукман аль-Хаким» Ислам институтунун ректору Лугмар ажы Гуахуновдон ажырадык. Аалымдарыбыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына, бардык санаалаш мусулмандарга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жараткан Аллах бейишинен орун берсин.


«Чубак ажы диний кризистин алдын алды»

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абибулла ажы Кудайбердиев:

— Чубак ажыны айтсак сыпаттары түгөнгүс. Кээ бир адамдар бар көзү тирүүсүндө кордойбуз да, көзү өткөн сон сыйлайбыз. Бирок аалымда коомчулуктагы 7ден 70 жашка чейинки адамдардын баары көзү тирүүсүндө да сыйлап барктачу. Чубак ажы Кудайдын ырайымы менен келди бизге. Ал элдин баарына багыт көрсөтүп, туура эмес агымдарга жуурулушуп кеткен динди таза кылып көрсөтүп, коомчулукту түз жолго багыттады. Аалым кыргыз журтунун диний кризиске жолугушунун алдын алды. Дин менен каада-салтты айкалыштырып алып барып берди. Мындай чыгармачылык ар кимдин колунан келе бербейт. Хадисте айтылгандай, ар бир кылымда Аллах таала динди жаңылоочуларды жиберип турат. Чубак ажы кылымда бир жаралуучу киши эле. Оор жоготууга учурап отурабыз, анын орду толушу кыйын. Жок дегенде ажыкенин максатын ишке ашыралы. Ал кайталангыс адам эле, эч качан өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон эмес. Ал аз, бирок саз жашады. Аллах ажыкебиздин пендечилик кылып, билип-билбей кетирген катачылыгын кечирип, бейишинен орун берген болсун. 


«Ушундайдан көрө алтының кетсе, үйүң өрттөнсө, дүйнөлүк байлык кетсе…»

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев:

— Суук кабарды угуп, бир ишенип, бир ишенбей (ооруканага) барган учурда жакындары; уулу, туугандары турганын көрүп… Элге кызмат кылган мыкты инсан кетсе, кетиргең келбей, «ушинтип эле кете береби» деген ой келет экен. Чубак ажы менен теңтушпуз, студент кезден бери тааныймын. Мекке барган учурла үйүндө коноктогон. Ошол учурда да чоң-чоң максаттары бар экенин айткан. Ажыке менен университетте да бирге иштеп, кесиптеш болдук. Андан сырткары банк тармагында да бирге иштеп калдык. Акыркы убакта ден соолугу жакшы болгон жок. Анткени, көп нерсени ичине каткан адам болгон. Сыртынан күлүп-жайнап, тамашалап, сөзгө чечен аалым эле. Бирок ошого карабастан абдан назик адам болчу. Коомдо болуп жаткан кичинекей терс нерселерди да жүрөгү менен кабыл алып, отуруп кайгырар эле. Барып калсаң «эх..» деп ичиндеги арманын айткан уиши болчу. Дары-дармек алып, зыяратына барып тааныш доктурларга көрсөтөлү десем «буюрса, бул күндөр да өтүп кетет, бираз өзүмө келип алайын анан барам» деп, эмнегедир дүйнөлүк нерселерге көп көңүл бурбай, анын ордуна коомдук, диний маселелерге маани бергенин көрүп, бир аалымдын өлгөнү ааламдын өлгөнү экенин айттым. Кудай бир коомду сынаса, адамдардын акылынан илимди албай, ошол коомдогу илимдүү инсандардын жанын алат тура. Ушундайдан көрө алтының кетсе, үйүң өрттөнсө, дүйнөлүк байлык кетсе мынчалык кайгырбайсың. Илимдүү адам — коомду оңдой турган инсан. Чубак ажы күчтүү реформатор болчу. Ошондой адамдын кетиши кабыргабызды кайыштырды. Дуа кылгандан башка айла жок. Чубак ажы  — жылуу насааттары, мамилеси менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк алган адам. Аалымдардын өлүмү чоң сабак болот экен. Ажыкенин жайы Жаннаттан болсун. 

Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов:

— Ажыкем бизди кечириниз, биз сизди сактап кала албадык.😢


«Сыйлыгын тапшырып кетсем болмок экен» деп ичимден өзүмдү жемелеп турам»

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров аалымдын адамдык асыл сапаттары бийик, дүйнө таанымы кенен, сый-урматка татыктуу инсан экенин эскерди.

— Июнь айынын 17синдеги N118 буйрук менен адеп-ахлакты, ыймандуулукту, кайрымдуулукту, сабырдуулукту даңазалоо менен адамдын асыл сапаттарын арттырып, коомубузду туура жолго багыттагандыгы үчүн, жаштарга тарбиялык иш-чараларды уюштуруп, руханий баалуулуктарды жайылтып, үй-бүлө институтунун бекемделишине жана мамлекетибиздин социалдык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Чубак ажы Жалиловду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин «отличник» төш белгиси менен сыйлоо чечимин кабыл алган элек. Тилекке каршы, ошол күндөрү ажыке бир аз сыркоолоп, сыйлык тапшыруу салтанатыбызга келе албады. Арадан бир жума өтүп, ал киши өзү телефон чалып, «ден-соолугум дурус болуп калды, мүмкүнчүлүгүңүз болсо сыйлыгыңызды тапшырып кетээрсиз» деди. Улуу устазга жөн эле барып, көкүрөгүнө төш белгини тагып кетип калганды туура эмес көрүп, «ажыке, жакшы бир иш-чарада кылган эмгегиңизди айтып, эл алдында салтанаттуу тапшырсам деген ниетим бар» дедим. Ошентип, биз болжошкон күнгө жетпей, ажыкем мынтип чын дүйнөгө кете берди.

Аманат жашообуз кайсы жерде, кайсы күнү, кай саатта токтоп калаарын билбейт экенбиз. Азыр «ажыкем менен сүйлөшкөн күнү эле барып, сыйлыгын тапшырып кетсем болмок экен» деп ичимден өзүмдү жемелеп турам. Ылайым Аллахым Фирдаус бейишинен орун берген болсун. Акыретиңиз ават, ыйманыңыз саламат болсун! Кош болуңуз, Чубак ажы!


Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков Чубак ажыны жоктоп ыр жазды.

ААЛЫМ жана ААЛАМ

Кулагыма суук кабар жаңырды,
Зыркыратып жүрөк-жүлүн, тамырды.
Жол көрсөтчүү жоболоңдуу заманда,
Жоготуппуз алп, даанышман аалымды.

Билем, ар жан өлүм даамын татат бу,
Бирок, ыйлап, көздөн мөлтүр жаш акты.
Накыл сөзү – чырак эле түндөгү,
Ким бизге айтат эми ошондой насаатты?

Маңдайында жылдыз-нуру жаркыган,
Таңдайынан таттуу сөздөр шаңшыган.
Казган кенин Алла берген илимдин,
Ошон үчүн Ай айбыкчу баркынан!

Ачуу дебей акыйкатты билдирчүү,
Капалуунун жарпын жазып күлдүрчүү.
Бул жалганда аз жашаарын билгендей,
Тынымы жок иштеп күн да, түн жүрчүү.

Илим, акыл, китеп эле жыйганы,
Биз эле эмес дүйнөдө көп сыйлаары.
Чын ыклас, чырак билим, чындык сөз…
Бузуктуктан буруп койгон кыйланы.

Буркурадым сыздап, жүрөк эзиле,
Күн күл болуп, Ай өчкөндөй сезиле.
Элге келген балакеттин бардыгын
мага бер, деп тилеген бейм өзүнө.

Күн тийсе да күңүрт тартып төгөрөк,
Кандайдыр бир капалыкка бөлөнөт.
Аалым өтсө – аалам боорсуз калгансыйт,
Андай залкар кайра качан төрөлөт?

Арманым өрт, айтар сөз көп дээр ичте,
Устатым ай, кеттиң салым кейишке.
Ортодогу бир туугандык мамиле,
Уланат деп үмүт кылам бейиште.

Эске салсак, Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын 11-июлунда илдеттен улам дүйнө салды. Анын сөөгү өзү туулуп- өскөн Мундуз айылына коюлду.

Чубак ажы 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти алтын медалы менен аяктаган.

Чубак ажы 1996-жылы Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген.

2000-2006-жылдары Сауд Аравиясындагы дүйнөгө таанымал «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы Араб тили институтун бүтүрүп, андан соң шарият факультетинен шарият жана усул боюнча бакалавр даражасына ээ болгон.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинен теология боюнча магистрдик даражасына ээ болуп, учурда Кыргызстан эл аралык университетинде илимин дагы да өркүндөтүп, докторлук диссертациясын жактоонун астында турган.

2005-2007-жылдары ал Орто Азия жана Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын адиси болуп эмгектенген. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында бөлүм башчы болуп, Ислам университетинде сабак берген.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген.

2014-2020-жылдын июнь айына чейин эки чакырылышта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болгон.

2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк сүнний Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп тандалган.

Copyright © 2017 Maral FM