Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Болот Темировдун иликтөөлөрү анын кармалышы менен байланышпайт

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 733 | 0

Темиров Live аттуу сайттын изилдөөлөрү журналист Болот Темировдун  кармалышына, кылмыштуу иштерине байланышы жок. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналистерге берген маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Темиров Live сайтынын жүргүзгөн бардык иликтөөлөрү карандай калп.

«Мен эч качан мамлекеттен бир сом уурдаган эмесмин жана мындан кийин да уурдабайм, бул менин турмуштук терең позициям. Мына мен акыркы 20 жылда саясатта жүрсөм, мени эч ким коррупцияга барган же бирөөнүн мүлкүнө кол салган деп айыптай албайт. Биринчиден, менин жеке өзүмдүн Темиров Live сайты айткан маселелерге эч кандай тиешем жок. Экинчиден, ошол иликтөөдө айтылып жаткан маселелер болгону бизнесмендердин жумуштары. булар бир компаниянын аткарган жумуштарын айтып жатышат,  ал жерде ондогон компаниялар бар. Алардын бардыгы ушуга чейин иштеп жатышат, мындан кийин да иштей беришет. Себеби алар нак, таза мамлекетке зыян келтирбей бизнес кылып жатышат», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал мамлекетке пайдалдуу гана иштерди жасаганга аракет кыла тургандыгын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM