Биз менен байланышыңыз

Ташиев президенттин билдирүүсү тууралуу үн катты

Кыска кабар | 18 Дек 2023 | 921 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасады.

Ал 3 күндөн бери ооруканада ооруп жатканын айтып, Элдик Курултайда президент Садыр Жапаровдун ал тууралуу айткандары боюнча үн катты.

«Президентибиз туура айтты эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз. Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыч бакыт! Үчүнчүдөн президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми азыркы Конституциянын негизинде дагы бир жолу, 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп кубаттап чогуу элибизге кызмат кылабыз деп үмүт артамын. 8 жылдан кийин да эл журт деп, Садыр досумдай күйүп жанган кыргызымдын бир инсаны чыгат буюруса!», — деп сөзүн жыйынтыктаган.

Камчыбек Ташиев бул билдирүүсүн ооруканада жатып жазганын да кошумчалап өткөн.

Белгилей кетсек, Элдик Курултайда президент Садыр Жапаровго Камчыбек Ташиев экөөнүн мамилеси тууралуу суроо берилген болчу. Анда президент экөөнүн достугу бекемдигин, таасир талашуу жоктугун билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM