Биз менен байланышыңыз

Бабанов: Премьер-министр ким болушун парламент чечет

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 4 Окт 2020 | 839 | 0

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов №1216 шайлоо тилкесинен добуш берүүгө катышты. Ал бюллетенин урнага салып жатып, өлкөдө өзгөрүү болуусун ниет кылганын билдирди. 

Ошондой эле, Өмүрбек Бабанов партиялаштарынын премьер-министрликке көрсөтөбүз деген сөздөрүнө жооп берип, аны парламент чечерин, өзү шайлоодон кийинки абалга жараша чечим чыгарарын айтты.

Шайлоодон жеңип чыккан партиялардын арасында кыргыз эли үчүн, мамлекет үчүн күрөшкөн, күйгөн, ачык сүйлөгөн жана «алдыга жолду билген» адамдар болсо деп тилейм. Ал эми премьер-министрлик боюнча айтсам, бул — техникалык маселе. Негизгиси, парламентарийлер күчтүү болушу керек, — деди мурдагы премьер.


«Республика» парламентке келсе, өкмөт башчылыкка Бабановду сунуштайт


Бабанов өкмөт башчылыкка келүүсүн так айткан жок. Бирок парламентке келген партияларды шайлоо алдындагы берген убадаларын аткарууга чакырып, өлкөнү өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте соттордун көз карандысыздыгын камсыздап берүү керектигин баса белгиледи.

Парламентке келген партиялар айткан убадаларын, жок дегенде эң орчундууларын аткарса дейт элем. Мен айтат элем, көз карандысыз соттор болмоюнча мамлекетибиз эч качан өнүкпөйт. Жарандар үчүн дагы, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн дагы негизги кепилдик — көз карандысыз соттор. Ошондуктан ушул парламенттин орду — кыргыз мамлекети үчүн өтө зор, — дейт Бабанов.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясынын негиздөөчүсү. Ал 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого ат салышып, 33% добуш менен башкы атааңдашы Сооронбай Жээнбековдон жеңилип калгандан кийин саясаттан биротоло кеткенин айтып, коомчулукка чыкпай калган эле. Бирок, шайлоого саналуу күндөр калганда «Республика» партиясына үгүттөп, кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган.

Партиянын лидери Мирлан Жээнчороев КТРКнын теледебатында Бабановду премеьер-министрлик кызматка көрсөтүшөрүн айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM