Биз менен байланышыңыз

«Республика» шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санайт

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 701 | 0

«Республика» саясий партиясы шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санайт. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Мирлан Жээнчороев шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында билдирди.

Мирлан Жээнчороевдин айтымында Ош облусундагы кээ бир шайлоо участкаларында басмырлоо, мажбурлап шайлоого алып келүү, күч колдонуп шайлоо процессине катышууга тоскоолдуктарды жаратуу катталган.

— Бардык мыйзам бузуу фактылары изилденип, укук коргоо органдарына, Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилди. Массалык түрдө акча таратылды деп айтылып жаткандар анык болуп чыгып жатат, — деди Жээнчороев.

Ошондой эле ал Кара-Суу районунда бир тилкеден жалгыз бир гана партия добуш алып жаткан учурлар катталганын айтып, аларды шайлоо катары эсептебей турганын билдирди.

IMG_2826

Copyright © 2017 Maral FM