Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Бабанов коррупция боюнча кармалды

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 1133 | 0

«Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан мурда маалымдалгандай, УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги түзгөн мекемелер аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ар түрдүү этапта ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча суракка алууну улантууда.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, бүгүн, 31-майда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча камакка алынды.

УКМК аталган кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.

Copyright © 2017 Maral FM