Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Бабанов достору менен убактылуу оорукана ачты

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 2235 | 0

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов коронавирустун жеңил жана орточо оордукта чалдыккандар текшерилип, дарылануусу үчүн мейманкананын негизинде күнү-түнү иштечү оорукананын убактылуу бөлүмүн ачып жатат. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, DISCOVERY отелинин ээлери Руслан Хамхоев менен Жамал Ибрагимовдор мейманканасын бекер иштетүүгө берген.

Ал эми мен болсо иш алып бара турган дарыгерлердин, медайымдардын жана отель кызматкерлеринин айлык акысын, тамак-ашын, ал жерде жашоо шартын, жана техникалык муктаждыктарды камсыздоону өзүмө алам. Бюджеттен каражат тартылбайт!Бул планыбызды колдоого алып, отелдин ылайыктыгын дароо текшерип, ыкчам убакытта дарыгерлерди камсыздаган вице-премьер-министр Акрам Мадумаровго жана Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго ыраазычылык билдирем! — деп жазган Бабанов.

Ошондой эле, ал келе жаткан жумада 5 000 миң сомду дарыгергердин өз эсептерине которуп бере турганын айткан:

Орточо эсеп менен 700-800дөй медкызматкерлери алат, анын ичинде дарыгерлерге 10 миң сомдон жана медайымдарга 5 миң сомдон болот.

Мындан сырткары, учурда мекемелерди жана тизмелерди аныктап жатканын айтып, төмөнкү беш бейтапкана дагы тизмеде экендигин кошумчалаган:
• Улуттук госпиталь;
• Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
• Улуттук фтизиатрия борбору;
• Улуттук онкология жана гематология борбору; жана
• Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы.

Copyright © 2017 Maral FM