Биз менен байланышыңыз

«Бабанов саясатка кайтып келет»

Күн чекит | 21 Дек 2019 | 866 | 0

“Республика” саясий партиясы кезексиз съездин өткөрдү. Анда партиянын жаңы төрагасы болуп депутат Мирлан Жээнчороев шайланды. Ал эми партиянын негиздөөчүсү, мурунку депутат Өмүрбек Бабанов саясаттагы жолу аяктаганын жарыялады.

“Республика” партиясынын жаңы лидери, Өмүрбек Бабановдун саясий айдыңдан кетиши тууралуу Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаев менен маек курдук.

Марал: — Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясынын лидерлигинен кетип, саясий ишмердүүлүгү толук жыйынтыкталганын айтты. Сиз Бабановдун саясий айдыңдан кеткенине, кайрадан шайлоо катышпай турганына ишенесизби?

Нарынбек Молдобаев: — Биринчиден, Бабановдун үстүнөн кайра-кайра иш козголуп жатат. Анын үстүнө анын 16дан ашык мүлкү камакка коюлганы кабарланган. Андан тышкары, көмүскө ар кандай сөздөр айтылып жатат. Мындан мурда эле саясаттан кеттим деп убада берген. Бирок мен анын саясаттан кеткенине ишенбейм. Менин оюмда, бул жөн эле оюн. Ал шайлоого сөзсүз барат. Жогоруда айткандай, маселелери чечилип калса, ал шайлоо тизмесине биринчилерден болуп кирип калышы ыктымал.

Себеби шайлоого барганга чоң каражат керек. Партиянын азыркы көрүнүктүү мүчөлөрүндө, ошол эле Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев жүрөт, алардын чоң бизнеси деле жок да.

Бул партия парламентте «Республика» жана «Ата Журт» деп аталып отурушат. Бирок ал жерде «Ата Журттан» бир да фамилия аталбайт. Азыркы жаңы саясий кеңештин курамы да шайлоонун тизмеси эмес. Шайлоого барарда дагы көп нерсе өзгөрөт.

Марал: — Бабанов көшөгөнүн артында башкарат деп боолголосок болобу анда? А эгер чыны менен кетсе, “Республика” партиясы Бабановсуз кандай болуп калышы мүмкүн?

Нарынбек Молдобаев: — Эгер Бабанов шайлоого барбай калса, шайлоочуларына “мен барайын дедим эле, бирок бийлик тарабынан бут тосуулар болуп жатат. Ошондуктан, мени колдогон силер, партиямды да колдоп койгула” деп айтат. А эгер шайлоого барып калса “мына мен акмын, бийлик аябай текшерип эч нерсе тапкан жок. Мен барбайм деп убада бергем. Бирок менин шайлоочуларым, электоратым бар, алар суранып жаткандыктан, 400-500 кишинин өтүнүчүнө мен жок айта алган жокмун” деп айтат. Ага ким эмне дей алат, туурабы?

Саясатта бир эле маселени миң кырлуу айтса да, чечсе да болот. Саясат бул бир четинен кумар. Орустар “Политика это грязная вещь, но так хочется иногда в этой грязи повалятся”деп айтышат. Мен “саясатты балгам салыштырам. Бирок анын даамын таткандан кийин, ал уулуу затка айланып, денең баштап, акыл-эсиңе бүт ээлеп алат” деп айтат элем. Жеке менин саясатка берген баам ушундай.

Марал: — Мирлан Жээнчороевди саясий лидер катары кандай баалайсыз?

Нарынбек Молдобаев: Мирлан Жээнчороев өзү — жаш. Менин билишимче, Бишкек шаардык кеңешинде эки жолу депутат болду. Кийин Жогорку Кеңешке келди. Азыр такшалып калды деп айтса болот. Өзүнүн ою, позициясы бар. Эки тилде тең оюн жеткире алат. Укмуш саясатчы деп айта албайм. Мисалы, Руслан Казакбаев саясий жагынан андан бир далай жогору турчу. Бирок партиянын Жээнчороевге токтолгону, жаштарга орун берели дегени болсо керек. Менин оюмда, Жээнчороев деле жетекчиликти жөндөп кете алат. Бирок артында акыл айтып турган, жол көрсөтүп турган кишилер болот. Алардын бири ошол Бабановдун өзү болот.

Марал: — “Республика” шайлоо алдында башка партиялар менен биригиши мүмкүнбү?

Нарынбек Молдобаев: — Сөзсүз түрдө. Мен карап көрсөм, партиянын башындагы 4төй депутат Талас облусунан болуп жатат. Эгер Таластын баары буларга добуш берген күндө да, ал жерде 100 миңдей эле шайлоочу бар да. Анын үстүнө таластык башка партиялардын да мүчөлөрү бар, ошол эле Дастанбек Жумабеков, Зарылбек Рысалиевдер бар, алардын да өз электораты бар. Ошондуктан “Республика” партиясы бир гана Таластан көп добуш топтой алышпайт.

Партиянын курамында башка аймактардын да өкүлдөрү бар экен. Мисалы, көлдүн Жети-Өгүз районунан бар, бирок ал жерден добуш алыш татаалыраак болот. Мындан тышкары, Жыргалбек Турускулов Нарында өзүнүн районунан биртке добуш алышы мүмкүн. Марлен Маматалиев Алай районунан. Алайда дүркүрөгөн саясатчылар бар, мисалы Келдибеков, Исаков, Марат Сулатанов деген дөө-шаалар бар.

Ошентип “Республика” партиясы парламентке өтүүдө 9 пайыздык чектен өтө албай калат да, башка партия менен сөзсүз биригиши мүмкүн. Менин баамымда, түштүк аймактагы партиялар менен бириксе, ал жерде электорат кенен, балким, бир эле эмес, бир канча партия менен биригиши мүмкүн, антпесе 2020-жылдагы парламенттик шайлоо абдан оор болот.

Негизи, жылда эле айтабыз, бул жолу шайлоо оор болот деп. Бирок 2020-жылдагы парламенттик шайлоо, чынында, оор болот. Анткени күчтүү партиялар көп болуп калды. Экинчиден, азыр эл көп нерсени түшүнүп калды, аларды алдай албай каласың. Мисалы, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Журт” партиялары абдан күчтүү партиялар эле, азыр алардын электораты да баарын көрүп, түшүнүп калды. Көп убадалары аткарылбай калгандыктан, ишеничтен чыгып калышты. Эл мындан ары акча-тыйынга азгырылбайт. Себеби саясий аң-сезими бир топ эле көтөрүлүп калды.

Copyright © 2017 Maral FM