Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Австриянын Вена шаарына барды. Венанын эл аралык аэропортунда мамлекет башчысын Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин протоколунун жетекчиси Максимилиан Хеннинг тосуп алды.
Венанын эл аралык аэропортунун флагштокторуна Кыргызстандын жана Австриянын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлдү.
Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Австриянын президенти Александер Ван дер Беллен менен чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүсү өтөт.
Ошондой эле өлкөнүн федералдык канцлери Карл Нехаммер, Улуттук кеңештин төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.