Биз менен байланышыңыз

«Мигранттар орус тилин билип келишсе» дейт Путин

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 1080 | 0

Аймактык кабарчылар, федералдык жана эл аралык ЖМКлардын өкүлдөрү катышкан Путиндин юбилейлик маалымат жыйыны 4 саат 18 мүнөткө созулду. Орусиянын лидерине суроо берүүнү каалаган медиа өкүлдөрүнүн саны 2000ге чукул болду.

Бул жолку маалымат жыйын да адаттагыдай эле Украина менен Орусияны мамилесине байланышкан суроолордон оолак болгон жок. Ошол эле Донбасс маселеси тууралуу да Путинге суроо узатылды.

Путиндин айтымында, Донбасстагы көйгөй бир тараптуу чечимдер менен эле жыйынтыкталып калбайт. Украина өзүнө ыңгайлуу жолду издеп жатканын айткан президент, андан көрө ошол жердеги тургундардын жашоосун ойлоп аракет кылуу керектигин кошумчалады. Ошондой эле Донбасста эрки күчтүү адамдар жашагандыктан, алар менен куралдуу тиреш жасоонун кажети жоктугун белгиледи. Ал эми Украина менен болгон алака, көгүлтүр оттун транзити боюнча Орусия кызматташууга даяр экендигин, эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталганын айтты. Ошондой эле, эгерде АКШ Украинага жардам берүүнү каалап жатса, Орусиянын саясатына каршы койбой, каражат жактан жардам берсин дейт Путин.

Эми АКШ тууралуу жоопторуна токтолсок

Путин АКШ президенти Трамптын импичмент маселесин ички саясий күрөш деп баалады.

Анын айтымында, шайлоодон жеңилип калган демократтар жеңүү үчүн эми башка ыкмаларды колдонууда. Трампты Орусия менен бирге аракет кылгандыгын айтып жатышат. Андай биригүүлөр болбогону аныкталганда, импичментке деле негиз жоктугу ортого чыгарын кошумчалады.

Ошондой эле, бийликте ким болгонуна карабай Орусия Америка менен мамилени жакшыртууга даяр экендигин белгиледи. Бирок АКШнын санкцияларына тиешелүү жооп кайтарарын да кымтып өттү.

Орусиянын өзүнө кайтсак, журналисттер Мавзолейдеги Лениндин сөөгүнө да кызыгып өтүштү. Путин кантсе да, советтик көз карашта жашаган, аны менен өзүнүн тагдырын, жашоосун, өтмүшүн байланыштырган адамдардын бар болгонуна байланыштуу азырынча Лениндин сөөгүн музейден алып чыгуунун кажети жоктугун айтты.

Мындан сырткары, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата даярдыктар тууралуу кеп козгоп, бул белгилүү датага келбейбиз деген айрым КМШ өлкөлөрүн сындап өттү. Путиндин жеке пикиринде Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Москвадагы парадга келүүнү каалабаган мамлекеттер ката кетирерин жана согуш ардагерлерине карата сыйлабастык мамилеси деп эсептейт.

Аны менен катар, Орусияга Борбор Азиядан келген мигранттар тууралуу сөз болду.  Путиндин пикиринде, сырттан келгендер орус тилин, маданиятын билсе, жергиликтүү тургундар өгөйлөбөй, жылуу кабыл алат. Ошон үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө Орусиянын билим берүү системасын киргизип, орус тилин үйрөткөн курстарды, чоң окуу жайлардын филиалдарын ачуу керектигин айтты. Мындай кадам Орусияга жумуш издеп барган мигранттарга жакшы мүмкүнчүлүк түзмөк деп эсептейт.

Эми Президент Путиндин чоң жыйыны тууралуу жалпы статистикага токтоло кетсек

Салтка айланган чоң жыйын 15-ирет өттү. Орусиядагы Путин башкарган конференция алгач ирет 2001-жылы уюштурулган. Бүгүн, 19-декабрда Москва убактысы менен алганда саат 13:30да башталган жыйын, Эл аралык соода борборунда өттү. Орусия президентинин журналисттер менен баарлашуусу 4 саатка созулду.

Буга чейин 14 жолку баарлашууда, эң кыска маек 2001-жылы алгачкы жолугушууда болгону 1 саат 35 мүнөткө созулган. Ал эми баарлашуу эң узакка созулган учур 2008-жылы болуп, 4 саат 40 мүнөткө созулган. Андан башка жыйындар негизинен 3,5-4 саатты түзүп келет.

Учурда конференцияга катталган журналисттердин саны 1895 адамга жетип, болуп көрбөгөндөй рекордду жаратты.

Эскерте кетсек, былтыркы жыйынга 1702 журналист катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM