Биз менен байланышыңыз

Путин менен Зеленский Парижде жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 866 | 0

Орусия президенти Владимир Путин менен Украина президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу маектешти.

Сүйлөшүүлөр 9-декабрда Париж саммитинде өтүүчү “норманд форматындагы” жолугушуу тууралуу болгон.

Ошондой эле, көгүлтүр от маселеси көтөрүлүп, Орусиядан Украинага түз жеткирүүнү калыбына келтирүү боюнча сөз болду.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнү Украина тарап демилгелеген.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Зеленский менен Путиндин жолугушуусун Казакстанда уюштурууну сунуштаган. Зеленский бул сунушка макулдугун билдиргени менен, Орусия президенти Путин ансыз да Зеленский менен норманд форматында жолугушуу пландалып жатканын, азырынча кездешүүнүн зарылчылыгы жоктугун белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM