Биз менен байланышыңыз

Украинада оппозициянын акциясы уланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 976 | 0

Украинада президент Владимир Зеленскийдин кеңсесинин алдында оппозиционерлердин акциясы уланууда. Маалымат боюнча, акция тынч өтүп жатат жана ага 2 миңдей адам катышууда.

Түндү чогуу тосушкан акциянын катышуучулары «норманд форматындагы» жолугушуунун жыйынтыктарын күтөрүн билдиришти.

Кечээ Киевде миңдеген адамдар катышкан акция өтүп, анда митингчилер Зеленскийди бул кездешүүдө Украинанын позициясын бекем коргоого жана беш «кызыл чектен» өтпөөгө чакырышты.


Бүгүн Парижде Путин менен Зеленский алгачкы ирет жолугушат


Бүгүн 9-декабрда Франциянын борбору Париж шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин «норманд форматындагы» жолугушуусу өтөт. Анда Украинанын чыгышындагы 2014-жылдан бери 13 миң адамдын өмүрүн алган согушка чекит коюу маселеси талкууланмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM