Биз менен байланышыңыз

Эрдоган: Анкара Крымдын Орусияга кошулганын тааныбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1548 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууда Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган Анкара Крымдын Орусияга кошулганын тааныбай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу «Daily Sabah» басылмасы жазып чыкты.

Эрдоган: «Биз Крымдын аннексияланышын тааныбоо чечимибизди дагы бир жолу тастыктадык», — деди.

Түркиянын президенти Украинанын чыгышындагы кризис тынчтык жана диалог жолу менен чечилиши керектигин баса белгиледи.

10-апрелде Зеленский Түркия менен Украинанын ортосундагы жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Түркияга келген.

Буга чейин Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын телефондук сүйлөшүүсүндө Украинаны талкуулаганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM