Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Парижде Путин менен Зеленский алгачкы ирет жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 876 | 0

Бүгүн 9-декабрда Франциянын борбору Париж шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу өтөт.

Эки өлкө башчысы талкуулай турган башкы маселе – Украинанын чыгышындагы 2014-жылдан бери 13 миң адамдын өмүрүн алган согушка чекит коюу.

Кечээ Киевде миңдеген адамдар катышкан акция өтүп, анда митингчилер Зеленскийди бул кездешүүдө Украинанын позициясын бекем коргоого жана беш «кызыл чектен» өтпөөгө чакырышты.

Эске салсак, 2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алган. Андан бери Украинанын аскерлери менен жикчилердин тирешүүсүнөн жалпы 13 миңден ашык адам каза тапты. Украина Орусияны 5 жылдан бери өлкөнүн түштүк-чыгышында болуп жаткан жарандык конфликт үчүн күнөөлөп келет. Ал эми Москва аны четке кагып, мындай нерсеге айыптоо оор экендигин белгилейт.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Парижде «норманд форматындагы» жолугушуу өтөт. Ага Германия, Франция, Орусия жана Украина өлкөлөрүнүн президенттери жана Тышкы иштер министрлери катышат. Жогорку деңгээлдеги «норманд форматындагы» жолугушуу 5-ирет, ТИМ өкүлдөрү арасында 14-ирет өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM