Биз менен байланышыңыз

Зеленский Путин менен каерде жолугушууну кааларын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 1043 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Ватиканды Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн идеалдуу жай деп эсептейт. Бул тууралуу украин лидери «la Repubblica» сайтына билдирди.

Зеленский Донбасстагы тынчтык жараянын Орусиянын президенти менен талкуулоо ниетинде.

«Бул ар тараптан эң ыңгайлуу жай болушу мүмкүн. Ватикан чындыгында эле тынчтык жөнүндө баарлашуу үчүн идеалдуу жай», — деди Владимир Зеленский.

Маалыматка ылайык, өлкө президенттеринин жолугушуусунда азырынча так план жок. Буга чейин Зеленский жолугуша турган жай маанилүү эмес экенин айткан. 

Эске салсак, 21-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинди Донбасста аскерий операциялар жүрүп жаткан аймакта жолугушууга чакырган. Буга жооп кылып, Путин эки тараптуу мамилелерди Москвада талкуулоого даяр экенин билдирген.

Кийинчерээк Украинанын мурунку президенти, Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча байланыш тобундагы украин делегациясынын учурдагы башчысы Леонид Кравчук Зеленский Москвага барбай турганын айткан.

Эскерте кетсек, акыркы айларда Орусия менен Украинанын мамилеси салкындап бараткан. Буга бир жагынан, Украинанын НАТОнун аскердик блогуна кошулуу аракети, экинчи жагынан, Орусия Украинанын чек арасына түздөн-түз 100 миңден ашуун аскерин топтогону себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM