Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Январдын ортосунда «омикрон» штаммынын келишин күтүп жатабыз

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 1667 | 1

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргызстандыктарга кайрылып жатып, январдын ортосунда Кыргызстанга коронавирустун «омикрон» штаммы келиши мүмкүндүгүн билдирди.

Республикалык штабдан билдиришкендей, Байсалов жарандарды өзгөчө, улгайган жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. ⠀

«Биз январдын орто ченинде коронавирустун жаңы «омикрон» штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөө жасатышы керек», — деди Байсалов.

Copyright © 2017 Maral FM