Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Баткенге өзгөчө көңүл бурулат

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 509 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон иш сапарында Баткен облусунун Лейлек районундагы социалдык курулуштардын абалы менен таанышты.

Ал Ак-Арык айылындагы орто мектептин абалы менен таанышып, мектеп капиталдык ремонтко муктаж экенин белгиледи.

Эдил Байсалов ошондой эле Кулунду айылындагы «Кулунду-Нур» балдар бакчасы жана Таир Жолдошев атындагы орто мектептин абалы менен таанышып чыкты.

Андан соң ал Лейлек районунун тургундары менен жолугушту.

«Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулат. Президентибиз Садыр Жапаров да «Баткен – менин жүрөгүмдө» деп айтты. Кыргызстан Баткен облусунан башталат. Айрыкча, чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүү Министрлер кабинетинин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Башталган иштер сөзсүз аягына чыгарылат» — деди Эдил Байсалов.

Ошондой эле ал Максат айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун абалы менен таанышып, COVID-19 илдетинин жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын онлайн форматта өткөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM