Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясын убара кылган «Шыдыр Жол KG» убадасын качан аткарат?

Коом , Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 2590 | 0

Мындан беш жыл мурда Бишкек шаарынын мэриясы менен «Шыдыр Жол KG» компаниясынын ортосунда «Кызматташуу жөнүндө» Меморандумга кол коюлган. Ага ылайык, компания шаарга 100 газ менен жүрө турган автобус жана электробус алып келмек. Анын алгачкы партиясы — 40 автобус 2017-жылдын 30-январына чейин жеткирилиши керек эле. Бирок келишимде каралган бул пункттар аткарылган эмес. 

Бишкек шаардык мэриясынын транспорт башкармалыгынын башчысы Эмил Ункуевдин берген маалыматына таянып айтсак, №35 автобус каттамын тейлеген «Шыдыр Жол KG» компаниясы «Акжолтой» ачык акционердик коомунун №113 маршруттук каттамын алуу керектигин,  болбосо №35 автобус каттамга чыкпай турганын айтып, мэрияга расмий билдирүү жөнөткөн. Бул маселе меморандумда да, толуктоодо да, макулдашууда да каралган эмес. Антсе да жеке инвесторду колдоо максатында №113 маршруттук каттам жабылган.

«2017-жылы жеке инвесторду колдоо максатында №113 кичи автобус каттамы жабылган. Бирок андан кийин «Акжолтой» ачык акционердик коомунун өкүлдөрү райондор аралык сотко каттамды убактылуу токтотуу боюнча транспорт башкармалыгынын чечимин мыйзамсыз деп табуу талабы менен кайрылган. Сот талапты канааттандырып, №113 кичи автобус каттамы кайра ишке кирген. Ошол учурда «Акжолтой» ачык акционердик коомунун кызыкчылыгын Алтынбек Доспаев коргоп келген, ал азыр «Шыдыр Жол KG» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары жана буга чейин №113 кичи автобусту жабууну жактап келген», — деди Ункуев.

Шаардык транспорт башкармалыгы «Шыдыр Жол KG» компаниясынын жетекчилигин сүйлөшүүгө бир нече жолу чакырып, бирок мэриянын өтүнүчү жоопсуз калып келгенин Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талантбек Капаров айтты. Ал мэрия жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында иштөөнү каалаган инвесторлор, ишкерлер менен кызматташууга ачык экенин айтат. Аутсорсинг аркылуу автобус каттамдарын баштоого бардык кызыкдар тараптарды тартуу үчүн 30 жаңы жүргүнчү ташуу схемасын ачуу боюнча атайын долбоорлор да иштелип чыккан.

«Кызматташтыктын бардык мезгилинде шаар тургундарынан автобустардын санитардык-техникалык абалы, айдоочулар тарабынан тейлөө маданиятын бузуу жаатында «Шыдыр Жол KG» компаниясынын иши боюнча көптөгөн арыздар келип түшкөн. Ошол эле учурда мэриянын транспорт башкармалыгы тарабынан «Шыдыр Жол KG» компаниясына бир нече жолу аталган мыйзам бузууларды четтетүү жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча транспорттук кызматтарды көрсөтүү жөнүндө билдирүүлөр жөнөтүлгөн. Биз бул жаатта иштөөнү каалаган инвесторлор, ишкерлер менен кызматташууга дайым даярбыз. Ал үчүн 30 жаңы долбоор иштеп чыкканбыз».

Учурда «Шыдыр Жол KG» компаниясынын автоунаалар паркын пайдаланганы үчүн 1 млн 53 миң сом ижара карызы бар. Бул тууралуу Муниципалдык менчик башкармалыгынын орун басары Эрбол Пазылов билдирди. Анын айтымында, аталган башкармалык компанияга ижара акысын өз убагында төлөө боюнча келишимдик милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө тиешелүү билдирүү жөнөткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин «Шыдыр Жол KG» компаниясы алынган карызды белгиленген тартипте төлөй элек.

«Мүлк башкармалыгы 2019-жылы «Шыдыр Жол KG» ЖЧКсы келишим түзүп, мунун негизинде компанияга автобазанын аймагын ижарага бергенбиз. Анын жалпы жер тилкеси 1 гектарга чукул. Бүгүнкү күндө ал компания бизге 1 миллион 53 миң сом карыз. Буга чейин болсо жарандардан да ар кандай арыздар түшүп келген», — деди Пазылов.

Мэрия «Шыдыр Жол KG» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эгер койгон талаптарды компания так аткарбаса, ортодогу келишим бузуларын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM