Биз менен байланышыңыз

Борбор калааны көрктөндүрүү иштери башталды (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 558 | 0

Бүгүн, 28-апрелде «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдү отургузууну башташты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда «Бишкекжашылчарбанын» кызматкерлери агератум, сальвиянын бир нече түрүн, тагетелерди, ошондой эле георгина жана цинерарии гүлдөрүн отургузууда.

Быйыл борбор калаадагы гүлзарларда 1,5 миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр отургузулат. Жайдын башында шаарда 32 түрдөгү гүлдөрдүн гүлдөшу күтүлөт.

Борбор калаадагы гүлзарлардын дизайны гүлдөрдүн композициясына жана көркөм чечимине ылайык иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM