Биз менен байланышыңыз

Президент Борбордук айылындагы жаңы мектептин пайдубалына капсула салды

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 684 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда Лейлек районунун Борбордук айылындагы мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, 2 кабаттуу мектептин имараты 225 окуучуга ылайыкталган.

Садыр Жапаров бул билим берүү жайынан келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган чыныгы кесипкөй адистер тарбияланып чыксын деп тилек кылды.

Президент ошондой эле Лейлек районундагы «Жаңы-Жер» чек ара тозотунда болду. Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмүн мындан ары жакшыртуунун жана мамлекеттик чек аралардын коопсуздугун чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Мамлекет башчысы Борбордук жана Достук айылдарынын тургундары менен жолугуп, элдин суроолоруна жооп берди.

Президент жакынкы мезгилде Баткен облусуна аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында өзгөчө статус берилерин белгиледи. Бул статустун алкагында облуска бир катар жеңилдиктер берилет, анын ичинде салыктык жана инвестициялык өзгөчө режим киргизүү пландаштырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM