Биз менен байланышыңыз

Лейлектик тургундун үйүнөн 5 кг гашиш табылды (видео)

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 475 | 0

Лейлек районундагы Арка-2 айылынан 5 кг ооган гашиши табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен-Исфана жолунан «ДЭУ-Нексия» унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда унаанын арткы орундугунан 2 кг гашиш алынган.

Андан соң, айдоочу К.Э.нин үйүн тинтүүгө алып, кумга көмүлгөн баңгизатты таап алышкан.

Кармалган К.Э. Ош шаарындагы тергөө абагына камалды. Учурда териштирүү, суракка алуу жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM