Биз менен байланышыңыз

Түркия Баткен облусуна ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 861 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга президенттин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, элчинин дин иштери боюнча кызматынын жетекчиси Нүрсел Өзтүрк, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин координатору Осмон Уста да катышты.

Элчи Ахмет Садык Доган биринчи кезекте чек арадагы куралдуу жаңжалга байланыштуу жоготууларды терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирип, жалпы Түрк элинин атынан Баткен элине көңүл айтты.

Ошону менен катар элчи кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяга байланыштуу Баткен облусундагы муктаждыктарды жеңилдетүүгө, калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүнө Түркия ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтып, Баткен элинин тынч жана бакубат жашоого кайтуусуна, боордош эл катары жакындан көмөктөшөрүн билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Түркия элинин моралдык жана гуманитардык жардамдары үчүн ыраазычылыгын айтты.

Жолугушууда тараптар орун алган окуянын кесепеттерин жоюу менен катар, облустун социалдык-экономикалык маселелерин да талкуулашып, аймакты өнүктүрүү, инфраструктурасын чыңдоо жаатында, өнөктөш катары кызматташууну жандантууну макулдашты.

Элчи менен келген делегация өкүлдөрү Баткен облусунун жетекчилигине, Кыргызстандагы Түрк элинин коомдук бирикмесинин атынан гуманитардык жардамдарын да тапшырышты.

Copyright © 2017 Maral FM