Биз менен байланышыңыз

Максат орто мектебинин окуучулары бекер лагерге барышат (видео)

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 892 | 0

Лейлек районунун Максат айылынын Максат орто мектебинин окуучулары жайкы каникул учурунда бир айга бекер лагерге барышат. Бул тууралуу аталган орто мектептин директору Катабек Жумабаев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, учурда окуучулардын көпчүлүгү туугандарынын үйүндө болгондуктан, кайсы айылга барышса, ошол мектепте бир ай окушат.

«Лейлек районунун админстрациясынын башчысы менен сүйлөшүп, жайкы канакул мезгилинде ар бир окуучуну группасы менен психологиялык жактан жана ар тараптуу колдоо алуу үчүн лагерге барышат деген маалыматты уктум» , — деди Жумабаев.

Максат мектебинде жалпысынан 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер жана 209 окуучу бар. Мектеп 2015-жылы курулуп, колдонууга берилген.

Мектепти 30-апрелде тажик тарап басып алып, керектүү буюмдарын алып, өрттөп, ар тарабынан ок атышкан. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы билдиргендей, мектепке 580 жолу ок атылган.

Copyright © 2017 Maral FM