Биз менен байланышыңыз

УКМК: Арка айылынын тургунунун унаасынан 7 кг бангизат табылды

Кыска кабар | 11 Дек 2021 | 542 | 0

9-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылынын тургуну К.К. аттуу жаранга тиешелүү Opel үлгүсүндөгү жеңил унаада катылган жеринен болжол менен 7 кг салмактагы баңгизаты табылып алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган баңги заты гашиш (кара куурай) экени аныкталды.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM