Биз менен байланышыңыз

Индонезияда 154 киши түрмөдөн качты

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2019 | 633 | 0

Индонезиянын Түндүк Суматра аймагындагы абактардын биринен 154 айыпталуучу качып кеткендигин жергиликтүү Антара агентиги жазды.

Маалыматка ылайык, аймактагы Лангкат абагында жүргүзүлгөн тинтүүдө бир айыпкерден банги заттын табылышы менен башка айыпкерлердин да окуяга аралашып имаратты өрттөшү менен чыккан баш  — аламандыкта 154 киши качып кеткен.

Айыпкерлердин  көпчүлүгүнүн кармалгандыгын билдирген аймак жетекчилери 51 айыпкердин  болсо  азыр да качкын экендигин жана издөө иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген.

Буга чейин да Риау аймагында да өткөн жумада абактан ондогон айыпкер качкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM