Connect with us

700 тилдүү Индонезияда сабак берген кыргыз мугалими

Блог | 10 Авг 2021 | 5002 | 0

Каныбек Уметов 7 жылдан ашык убакыттан бери миңдеген вулкан аралдары бар, жүздөгөн улут өкүлдөрү жердеген, Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан Индонезияда жашайт. Ал аталган өлкөнүн борбору Жакартадагы эл аралык мектепте окуучуларга билим берет. 700дөн ашуун тили бар өлкөгө кантип барып калганы, ал жактагы кызыктар жана алдыга койгон максаты тууралуу кеңири маалымат берди.

«Сема лицейинде окуп, кийин ал жерге мугалим болдум»

Аксы районунун Кербен шаарында төрөлгөм. Алгач Кербендеги Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте, кийин Кара-Төбө орто мектебинде, андан соң Оштогу Сема лицейинде окудум. Жогорку билим алуу үчүн Түркиянын Измир шаарындагы Докуз Эйлүл университетине тапшырып, аны аяктагандан кийин эмгектенгени кайра Кыргызстанга келдим. Алгачкы эмгек жолумду Нарындагы М. Субакожоев атындагы лицейде баштадым. Андан соң  кайра эле өзүм окуган Сема лицейинде иштедим. Кийин Таластагы Эл аралык Мээрим-Себат окуу комплекси менен Кадамжайдагы Семетей лицейинде иштедим. Эл аралык Ала-Тоо университетинде иштегенден кийин университеттерге кабыл алуу бирдиктүү системага айланып, «Секом» билим берүү мекемесинде Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык курстарын уюштуруп, ал жерде бир канча жыл иштеп калдым.  Азыр болсо Индонезиянын борбору Жакартада жайгашкан Эл аралык мектепте иштеп жатам.

«Лицейден алган билимим кийинки таштай турган кадамдарыма өбөлгө түздү»

Менден бир жыл мурун Сема лицейине жакын тууганым тапшырып, анан бир жылга жетпей эле билим жагынан да, тарбия жагынан да көп жакшы өзгөрүүлөр болду. Ошону байкап, ата-энем мага да окуйсуңбу деп сунушташкан. Мен болсо агамдын лицей жөнүндө айтып бергендерин мурун эле угуп жүрүп, ал жакта окуганга аябай кызыгып калган болчумун. Кыскасы лицейди тандаганыма такыр өкүнгөн жокмун. Себеби, ал жерден алган билимим кийинки таштай турган кадамдарыма өбөлгө түзүп берди. Лицейде алган билимим менен чет өлкөдөгү жакшы ЖОЖдордун катарында болгон университетке тапшырып, өз күчүм менен окуй алдым.

«Лицей бизди мекенди сүйүүгө, тазалыкка үйрөттү»

Лицейдеги жашоодон эсимде калган толтура жакшы көз ирмемдер бар: бирге отуруп сабак окугандарыбыз; өзгөчө университетке даярданганда түнү менен тест үстүндө иштегендерибиз; кечки чай маектер. Ал чай маекте мугалимдерибиздин же тарбиячыларыбыздын акыл-насааты, сабакка шыктандырганы мекенге болгон сүйүүбүздү дагы да арттырды. Лицейде эң башкысы, өз алдынча болууну үйрөндүк. Кечинде байпактарыбызды жууп, ботинкелерибизди майлап, эртең менен чачтарыбызды тарап, сабакка жөнөп калчубуз. Анан сөзсүз жаткан керебетибизди өтө берилип оңдоп, кийимдерибизди шкафтарга тизип, бөлмөбүздү шыпырып, таза аба кирсин деп терезелерди ачып, анан чыгып кетчүбүз. Себеби, жатаканалардын ортосунда тазалык конкурсу болчу. Өмүрлүк досторду таптык. Дагы деле класс толугу менен катташабыз, жолугабыз. Жолукканда, канткенде өлкөбүз дагы да өнүгөт деген тема козголбой койбойт.

«Мугалимимдин таасирдүү сөздөрүнөн улам Кыргызстанга кайтып баргам»

Чынын айтсам, жогорку окуу жайды бүтүргөн жылы ошол эле жерде магистратурада окуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Документтерди тапшырдым, экзаменден өттүм, бирок ден соолукка байланыштуу комиссия менен аңгемелешүүгө баралбай калдым. Ошол убакта Кыргызстандан өлкөсүнө жайкы каникулга келген лицейдеги мугалимибиз менен жолугуп калдым. Окууну бүтүргөнүмдү угуп аябай сүйүнүп, «Анда Кыргызстанга кайтып келип иштеп баштайт экенсиң да, сонун болуптур, азыр Кыргызстанга силердей кадр керек», — деп мени бир топ мактап жиберди. «Керек болсо «Сапаттын» башкы кеңсеси менен байланышып, азыр мугалим керек болуп жаткан лицейлердин бирөөсүнө жаздырайын», — деп калды. Магистратурага тапшырганымды айта алган жокмун. «Жообумду кийин берсем болобу?» — деп коштоштук. Кийинки күндөрү окуумду улантсамбы же Кыргызстанга кайтсамбы деп катуу ойлондум. Бирок мугалимибиздин сөздөрүнүн таасириненби, айтор Кыргызстанга кайтып, аз да болсо өз салымымды кошууну чечтим. Мугалимибизге телефон чалып, эки жумага жетпей барып каларымды айттым. Анткичекти магистратурага тапшырган жерден телефон чалып калышты: «Аңгемелешүүгө эмнеге келген жоксуң, университетке кел, сүйлөшөлү?» — деп. Өтүп бардым. «Эгерде макул болсоң магистратурага кабыл алам, кийин ассистентим болосуң» деп көпкө сүйлөштүк. Сөздүн ачыгын, Кыргызстанга кайта турганымды айтып баса бердим. Эки жумадан кийин Нарын шаарындагы М. Субакожоев лицейинде англис тили мугалими болуп иштей баштадым.

«Индонезиянын кооздугу өзүнө тартты»

Ал эми Индонезияга келгенибизге жети жылдан ашты. Кыргызстанда он жылдай иштегенден кийин «башка өлкөлөрдүн да билим берүү системасы менен таанышайын, тажрыйба алмашайын, өзгөчө аты чыккан система менен иштеген мектептерди иш жүзүндө көрөйүн» деп ойлоп жүргөм. Анан Индонезияда иштеген кыргыз агайыбыз бул жакты сунуштап калды. Дароо эле документтерди тапшырдым. Ал тарап аңгемелешүүдөн өткөрүштү, ошону менен кабыл алышты. Мен иштеген мектеп Кэмбридж окутуу программасын колдонот.

Негизи бир канча жерге тапшыргам, бирок бул жактан жооп биринчи келген. Анан да бул жакты тандаганымдын башкы себеби: өзүмө жакын сезген кыргыз агай да бул жакта болуп, ал киши себепкер болгон үчүн; мындан сырткары Индонезиянын кооздугу. Бир жагынан 2 океан, бир жагынан деңиз менен курчалган, 17 миңден ашык аралдан турган абдан кооз өлкө. Мисалы, туристтердин сүймөнчүгү болгон Бали Индонезияда. Сингапур, Малайзия, Бруней сыяктуу кошуналары бар.

«Жети жылдагы кызыктар»

Келип иштеп, жашап жүргөндө да аябай көп кызыктуу нерселерди башыман өткөрүп, жети жыл кантип өтүп кеткенин байкабай калыптырмын. Мисалы, бир күнү эртең менен турсак, сырт кар жаагандай аппак болуп калыптыр. Балдар кар жаады деп сүйүнүп кетишти. Көрсө бизден 500 чакырымдай узак бир жерде вулкан атылып, ошонун күлү биз жакка чейин келген экен. Өзүбүз мурда турган шаардын эле жанында 2 вулкан тоосу бар. Азыр активдүү эмес, бирок кээ-кээде газ чыгып, түтөп турат. Туристтик жайга айланган.

Мөмөнүн түрлөрүн айтпай эле коеюн: ичи сары дарбыз, дарбыздай болгон чоң апельсиндин түрлөрү, сырты өтө катуу тикенектүү дуриян ж.б.

«Индонезияда бюджеттин чоң бөлүгү билим берүү тармагына бөлүнөт»

Мен иштеген мектеп Кэмбридж программасын колдонот. Биздин мектептер менен салыштырганда ал жактан айырмасы көп болбосо керек. Себеби, программа так жана экзамендердин стандарты бирдей эле. Бирок буга кошумча, бул жакта улуттун наркын жана баалуулуктарын эске алып, кошумча программалар болот. Биз аны Character Education Program деп атап, жылдан жылга өнүктүрүп жатабыз. Бизге балдарын алып келип жаздырган ата-энелердин көбү баласын алып келүүгө ушул программа себеп болгонун белгилешет.

Ал эми Индонезияда билим берүү системасы өнүккөн деп айта албайм. Бирок өкмөттүн аракети бар. Бюджеттин чоң бөлүгүн билим берүүгө бөлгөн. Бирок жеке менчик мектептердин, өзгөчө эл аралык программаны колдонгон мектептердин сапаты жана стандарты жогору жана чоң атаандаштык бар.

«Индонезияда 700дөн ашык тил бар»

Тил жагынан кыйналган жокпуз. Себеби, окуучуларыбыз менен англис тилинде баарлашабыз. Сабактардын көбү англис тилинде. Сабактан тышкаркы программалар да ошондой. Ата-энелердин да көбү билет. Бирок сыртта билбеген адамдар кездешет. Биз да убагы менен бул жактын тилин өздөштүрүп алдык. Азыр кадимкидей эле сүйлөп, өз оюбузду түшүндүрө алабыз.

Тилге байланыштуу кызыктуу нерсе айтып өтөйүн. Индонезияда 700дөн ашык тил бар. Бири-биринен такыр башкача. Бир аралдан башка аралга, жадагалса бир эле аралдагы эки шаардын тилдери да эки башка болот. Бирок улуттук тили бар. Окуу процесси, иш кагаздары бүт ошол тилде.

«Мектепте ата-эне курсу бар»

Жубайым биология мугалими. Бул жакта сабактарга кирбесе да, мектептин иштерине активдүү аралашып жүрөт. Мектептин ата-энелер клубун негиздешип, ал жерде «ата-эне катары балдарыбыздын билим алуусуна кантип колдоо көрсөтө алабыз?» деген иш-чаралардын үстүндө иштешет.

Мисалы, ата-эне катары мага жаккан иш-чаралардын бирөөсү — ата-эне курсу. Ал жерде жакшы ата-эне болуу, канткенде балдарыбызга туура тарбия жана туура багыт бере алабыз деген тренингдер болот. Ал тренингге психологдор, бул багытта иш алып барган эксперттер катышат.

Маселен, «Гиперактивдүү балдар менен кантип иш алып барабыз?» деген тема коюлат да, каалоочу ата-энелер жазылат. Интерактивдүү болуусу үчүн группадагы адам санын көбөйтпөй, эки айдай ушул темада семинар, тренинг, воркшоптор болот. Анан ата-энелер ошол тема боюнча кадимкидей  такшалып, көп нерсени үйрөнүп чыгышат.

Ушул сыяктуу бала өстүрүү, билим жана тарбия берүү жөнүндө оңдогон темалар бар. Жыл бою клубдун жылдык программасына кызыккан ата-энелер катышып, өздөштүрүп, балдарына багыт берүүдөгү жоопкерчилигин көбүрөөк сезип чыгышат.

«Кыргыз тилин өнүктүрүүчү жалгыз платформа — үй»

3 балам бар. 1 кыз, 2 уул. Кызым 7-класска көчтү, уулдарым болсо 6га жана 4кө көчтү. Үчөө тең мен иштеген мектепте окушат.

Мен иштеген мектепке барганы үчүн мектепке жана мугалимдерине «претензиябыз» жок (күлүп).

Сабактары жакшы. Кызыбыз бул жактын да тилин жакшы өздөштүрүп, 2 жыл мурун мектепте өткөрүлгөн индонез тили боюнча оозеки баяндоо сынагында 3-орунду ээледи.

Балдарыбыз менен үйдө кыргызча гана сүйлөшүүгө макулдашып алганбыз. Себеби, мектепте эртең мененки 7ден 4кө чейин жүрүшөт. Анан англис тилин гана колдонушат. Ошондуктан кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн жалгыз платформа үй экен, башка чөйрө жок.

Пандемия… Карантин… Мектеп…

Азыр тилекке каршы, Индонезия коронавирус боюнча дүйнөнүн чордонуна айланды. Бир эле күндө жуктуруп алгандардын саны 56 миңден ашкан учурлар да болду. Биз Индонезияда башталганда эле биринчилерден болуп 2020-жылдын март айында онлайн окутууга өткөнбүз. Албетте ага чейин бардык даярдыктарды көрдүк. Бул жылы жазылган жаңы окуучуларга китеп жана формасы менен кошо хромбук бердик. Бул онлайн үйрөнүүнү бир топ жеңилдетип, кийин гибрид үйрөнүүгө өткөндө да колдонуу мүмкүнчүлүгү болот.

Гибриддик окутуу — бетме-бет жана онлайн режимде окутуунун айкалышы.  Класстын болжол менен жарымы класста отурса, калган жарымы онлайн режимде иштешет. Бирок баары орнотулган камера жана үн системасынын жардамы менен бир эле сабакта отурушуп, бир эле мугалимди угуп, бирге сабак өтүшөт.

Негизи бизде азыр сабактар башталды. Пандемия кичине басаңдаса, окуучуларды мектепке чакырганга даярбыз. Бардык шарттарды түзгөнбүз. Класстарды да санына жараша майда топторго бөлүп, жумасына бир канча күн мектепке коркпой келе ала тургандай кылып уюштурганбыз.

«Сөзсүз Кыргызстаныбызга кайтып барабыз»

Алдыга койгон пландарым, максаттарым көп. Кээ бирлери ишке ашып жатат, кээ бирлери балким убагы келгенде ордунан жылаттыр. Тажрыйба жагынан эле эмес, билимимди да өркүндөтүүнүн артынан жүрөм. Мисалы, азыр иш менен кошо эле Кошмо Штаттардагы бир университетте билим берүү боюнча магистратурада окуп жатам. Себеби, жаңыланып туруу керек экен, билим берүүдөгү жаңылыктарды ал жерде бирге окуган дүйнөнүн булуң-бурчунан катышкандар менен бөлүшүп, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн билим берүү системасын салыштырып, көп нерселерди үйрөнүүдөмүн.

«Кыргызстанга кайтсакпы?..» деп үйдө көп эле сүйлөшөбүз. Балдар да чоңоюп калды, өз жерин, элин, туугандарын, үрп-адатын жакындан таанысын дейбиз. Бирок жылда иш келишими жаңыланып, башкача сунуштар түшүп, созулуп кетүүдө. Убагы келгенде сөзсүз Кыргызстаныбызга кайтып барып, топтогон тажрыйба жана билимибиз менен өлкөбүзгө аз да болсо салым кошолу деген эле ойдобуз.

Copyright © 2017 Maral FM