Биз менен байланышыңыз

Чүйдө абактан чыккан жаранды муунтуп өлтүрүүгө шектелип эжеси кармалды

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 531 | 0

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда абактан чыккан жаранды муунтуп өлтүрүүгө шектелип анын эжеси кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

30-июнь күнү Ысык-Ата райондук милициясына Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан сөөктү кароо учурунда анын денесинде жаракаттар байкалган. Ал 36 жаштагы А.М. аттуу жаран экендиги такталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча катталып, сотко чейинки тергөө-териштирүү башталган.

Жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон жарандын 39 жаштагы А.Т. аттуу бир тууган эжеси кармалган.

Териштирүү учурунда каза болгон жаран 29-июнда жаза өтөөчү мекемелердин биринен бошотулуп, жакындары менен түлөө өткөргөн. Эртеси эжеси экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралган. Эжеси аны жип менен муунтуп салганы маалым болгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Учурда сотко чейинки тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM