Биз менен байланышыңыз

Токтогулда ымыркайын дааратканага таштаган кыз кармалды

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 921 | 0

Милиция кызматкерлери тарабынан Токтогул шаарында төрөгөн ымыркайын дааратканага таштап кеткен кыз кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары баланы даараткананын чуңкурунан алып чыгышкан, учурда ымыркай ооруканада. Абалы орто.

Милициянын маалыматына караганда, ымыркайдын апасы 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болгон. Бишкек шаарынын жашоочусу 2003-жылы туулган «А.К.» аттуу жаран 7-август күнү Токтогул шаарына келгени, окуя болгон жердеги үйдүн ээси А. Саткынбаевдин кызынын курбусу болгондуктан 10-август күнү келип, бир күн жатып, 11-август күнү төрөп дааратканага таштап койгону аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM