Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу районунда күйөөсүн бычактаган аял камакка алынган

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 1038 | 0

Күйөөсүн бычактап өлтүрүүгө шектелген Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургуну С.Д. камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кандуу кырсык 9-декабрь күнү саат 19:40 чамасында болгон. Үйүндө арак ичип отурушкан аялы менен күйөөсү чырлаша кетип, 1980-жылы туулган аялы С.Д. 1964-жылы туулган күйөөсү М.Аны аш бычак менен көкүрөккө сайган. Жабыркаган жаран жеринде каза тапкан.

Келип түшкөн маалымат Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, жерине райондук милиция менен прокуратура кызматкерлери барып, иликтөө, тергөө жүргүзгөн .

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Кара-Суу райондук соту бир айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Каза тапкан жарандын сөөгү соттук-медициналык экспертизага берилген. Тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM