Биз менен байланышыңыз

Ош: Жаандан Фурхат айылындагы үйлөрдүн короолорун суу каптады

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 647 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5-апрель күнү саат 23:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен арыктан суу ашып, Фурхат айылынын Зулпуев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн жер төлөөлөрүн жана короолорун суу каптаган.

Тазалоо иштерине Кара-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлер, №102 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Жеринде куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруу иштерин жүргүзүшкөн.

Учурда жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM