Биз менен байланышыңыз

Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 1099 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Нодир Хосилов жанан анын шериги М.С. ошондой эле Кара-Суу районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Б. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жарандар жеке кызыкчылыктарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган.

Кечээ, 30-сентябрда аларга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM