Биз менен байланышыңыз

Кара-Сууда 28 адам тамакка ууланып, 2 аял каза болду

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 755 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунда 28 адам тамак-ашка ууланып, 13ү ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 50 жана 58 жаштагы эки аял каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө бир бейтап өтө оор абалда — жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Калган 10 бейтап Кара-Суу аймактык ооруканасында дарыланууда. Алардын айрымдарынын абалы оор, айрымдарыныкы канааттандырарлык. Булардан сырткары, дагы 15 адам үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө.

Учурда санитардык-эпидемиологиялык изилдөө уланууда.

Эскерте кетсек, жабыркагандар 6-мартта 60ка чыккан тууганынын үйүндө конокто болгон. Уулануунун себептери колго жасалган консерваланган азыктарды (салат, компот, кыям) жегенден болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM