Биз менен байланышыңыз

Чек арадан баңги зат алып келе жаткан адам кармалды

Кыска кабар | 23 Фев 2019 | 992 | 0

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Атана айылында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган адам кар малды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын жараны Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүүнү пландаган.

Кармалган адамдын жанында өздүгүн тактоочу документтер болгон эмес. Ошондой эле аны текшерүү учурунда 10 грамм салмактагы баңги зат (болжолдуу гашиш) табылган. Тиешелүү документтер топтолгондон кийин кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусундагы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Ага тиешелүү чара көрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM