Биз менен байланышыңыз

Баткен: Бангизатын сатып жүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 906 | 0

Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык айылында Таджикстандын Согди облусунун Б.Гафуров районунун 33 жаштагы Л.М. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү учурда кийип жүргөн күрмөсүнүн оң жак чөнтөгүнөн кара түстөгү полиэтилен пакетине оролгон абалда салмагы 13,8 грамм болгон наркотикалык зат табылган.

Тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгында “марихуана” заты болуп аныкталды.

Учурда кармалган жаран жазык-процесстик кодексинин 98-99-беренелеринин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM