Биз менен байланышыңыз

Ошто бала бакчадагы кыздын сабалышы боюнча тергөө иши башталды

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 619 | 0

Ош шаарындагы бала бакчадан кыздын сабалышы боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 6-апрелде Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2016-жылы туулган кызын Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндө жайгашкан «Жасмин» балдар бакчасынын кызматкери 5-апрелде уруп, денесине залал келтиргенин билдирген. Арыз ээси кызматкерге карата тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз Жоруктар тууралуу кодексинин 119-беренеси («майда бейбаштык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Факт боюнча окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн ыкчам тергөө тобу барып, кызматкерлер суралган.

Кыздын алган жаратын аныктоо максатында тиешелүү соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Шардык милициядан кошумчалашкандай, азыркы учурда бул экспертизалардын корутундусу тергөө кызматына келе элек.

Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM