Биз менен байланышыңыз

Бишкекте зордук-зомбулукка каршы митинг өтүп жатат

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1954 | 0

Бүгүн, 8-апрелде саат 12.00дө Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында «Зордук-зомбулукка каршы» аталышындагы жарандык митинг башталды.  Митингге Бишкектен уурдалып, муунтуп өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө кайдыгер карабаган жарандар чыгууда.

Митингдин катышуучулары Ички иштер министринин элдин алдына чыгып, кыздын өлүмүнө ким жооптуу экенин айтуусун жана анын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

«Кайдыгерлер министрлик менен зөөкүр кылмышкерлер жазалансын!!!» деген ураан чакырып жатышат.

Кечээ, 7-апрелде Бишкектен уурдалган 27 жаштагы кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган. Ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM