Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковго карата райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды

Коом , Кыска кабар , Саясат | 20 Авг 2020 | 822 | 1

Бүгүн, 20-августта Бишкек шаардык сотунда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук отурум болуп, козголгон кылмыш иши кайрадан каралды. Соттук отурум пандемияга байланыштуу онлайн форматта өтүп, анда Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды.

Айыпталуучулар мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко арыз менен кайрылган. Бишкек шаардык соту арыздын негизинде 18-августта ишти кайрадан карап баштаган. Сапар Исаков 19-августта өткөн отурумда сөз сүйлөп, анда өзүнө жана Мира Карыбаевага коюлган айыптарды ойдон чыгарылып, токулган деп четке какты.

Сапар Исаков 2018-жылдын 5-июнунда коррупцияга шектелип камакка алынган. Тергөө иштеринин жыйынтыгында, 9-июнь күнү Биринчи май райондук соту Исаковду Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде  18 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM