Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланат

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 638 | 0

Бүгүн, 23-ноябрда саат 15:00дө Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча отурум уланат. Сотко Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязов алып келинет. Процесс ачык өтөт.

Былтыр октябрда болгон окуяларга байланыштуу камакка алынган саясатчы Жеңиш Молдокматовго 4 берене: «Массалык башаламандыктар» беренесинин 3-бөлүгү, «Курал-жарак уурдоо же опузалап алуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо», «Бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу» менен иш ачылган.

Молдокматов май айынын башында былтыркы 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу камакка алынган. Ал иштин акыйкат каралышын талап кылып, 26-июлдан 5-августка чейин 10 күндөн ашык ачкачылык кармаган. Кийин ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулган. Учурда СИЗО-1де кармалууда.

Молдокматов өзүн күнөөсүз деп атап, «саясий куугунтук жүрүп жатат» деп эсептейт. Ал камакка алынганга чейин азыркы бийликтин иш-аракеттерин катуу сынга алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM